Президент Касым-Жомарт
Токаев Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугундагы Казакстандын
жаңы дайындалган элчиси Алибек Бакаев менен жолугушууда казак-британ кызматташтыгын
мындан ары өнүктүрүүнүн негизги багыттарын белгиледи. Артыкчылыктуу багыттардын
катарында стратегиялык өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө макулдашууну
аткаруу, саясий диалогду активдештирүү, соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды
кеңейтүү белгиленди. Мамлекет
башчысы энергетика, транспорт, инновациялар жана билим берүү тармактарындагы
биргелешкен долбоорлорду илгерилетүүгө өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.
Которгон: Назира Бегалиева

