Казакстан Элдик Кеңешинин жана анын катчылыгынын түзүлүшү жөнүндө мамлекет башчысына Казакстан Элдик Кеңеши төрагасынын орун басары – катчылыктын жетекчиси Канатбек Жайсанбаев маалымдады. Ошентип, катчылык Казакстан Элдик Кеңешинин ишин уюштуруу, укуктук, материалдык-техникалык, каржылык, маалыматтык-талдоо жагынан камсыз кылат. Касым-Жомарт Токаев белгилегендей, Элдик Кеңеш – Адилеттүү Казакстанды курууда маанилүү роль ойногон уникалдуу диалог аянтчасы болот. Президент Элдик Кеңештин мамлекеттик органдар, коомдук институттар жана эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүсүн натыйжалуу координациялоону, ошондой эле биринчи жыйынга сапаттуу даярдыкты камсыздоону тапшырды.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

