Президент Касым-Жомарт Токаев борбордогу аэропорттон бельгиялыктардын Падышасы Филипп жана Ханыша Матильданы жеке өзү узатты. Визиттин программасы андан ары Алматыда уланат. Эске салсак, бул бельгиялыктардын Падышасы менен Ханышасынын өлкөгө жана Борбор Азияга жасаган тарыхтагы алгачкы мамлекеттик сапары.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

