«Атактуу француз тарыхчысы Мари Фаверонун казак тилинде жарык көргөн «Алтын Ордо» китеби окурмандар үчүн чоң олжо болоруна ишенем» - деп вице-президент Ерлан Карин китептин автору менен жолугуп, социалдык тармактагы баракчасына жазды. Борбордо китептин бет ачары өттү. Автор Сорбонна, Лейден, Оксфорд университеттеринде жана Француз чыгыш археология институтунда иштеп, бул эмгекти жазууга 20 жыл сарптаган. Бул убакыт аралыгында бир топ мамлекеттерди кыдырып, түрк, араб, европа өлкөлөрүнүн архивдерин ачкан. Натыйжада англис жана француз тилдеринде «Алтын Ордо. Талаа империясы дүйнөнү кантип өзгөрттү» деген фундаменталдык тарыхый эмгек жарык көрдү. Китептин казак тилиндеги нускасынын даярдалышына белгилүү басмачы Раиса Кадыр демөөрчү болду.
Мари Фаверо, «Алтын Ордо» китебинин автору:
– Бул казакча котормо Казакстандын тарыхына түздөн-түз тиешеси бар болгондуктан өзгөчө мааниге ээ. Жошы Улусу, башкача айтканда, Алтын Ордо менен Казакстандын ортосунда кызыктуу байланыш бар. Бул талаа цивилизациясы болгон, албетте бул жерде көчмөн маданияты жөнүндө сөз болуп жатат. Бирок аталган мамлекет шаар турмушуна да ыктаган, анткени Алтын Ордонун өз шаарлары болгон – алар азыркы Казакстандын аймагында сакталып калган. Бул улус көп улуттуу, ар түрдүү маданияттарга ачык жана көп конфессиялуу, өтө интеграциялык коом болгон.
Раиса Кадыр, Steppe And World басмаканасынын негиздөөчүсү:
– Автордун айтымында, маалыматтар бардык жерден табылган. Бул жерде эң негизгиси соода мамилелери болду. Бири-бирине билдирүү жөнөткөн соода жолу болгондо, ар бир мамлекеттерде маалыматтар сакталып турган. Ал кезде Жибек жолунда ар кандай соода жолдору өткөн. Экинчиден, Алтын Ордо доорунда дипломатиянын эң сонун мезгили болгон. Мындай чоң каттарды Жошы улусунун хандары Европага, Италияга жазышкан. Алардын баары сакталып калган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

