Ачык-айкындуулук жана жеткиликтүүлүк. Алматыдагы
Курултайга шайлоо процесси тууралуу эл аралык байкоочулардын корутундусу
ушундай. Түрк
мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын миссиясы шайлоонун бардык
этаптарына байкоо жүргүздү. Алар шайлоо участкаларынын ачылышына катышып, күндүзгү комиссиялардын ишин жана
добуштарды эсептөөнү көзөмөлдөштү. Натыйжада, алар шайлоо кампаниясынын
ачык-айкындыгын, тилкелердин даярдыгын жана майыптыгы бар адамдар үчүн
тоскоолдуксуз чөйрөнү түзүүнү жогору баалашты.
Хикмат
Мамедов, ТҮРКПАнын билим берүү, маданият, социалдык жана гуманитардык маселелер
боюнча комиссиясынын мүчөсү, Азербайжандын Милли Межлисинин депутаты:
– Биз 6 шайлоо участкасында болдук. Эч кандай мыйзам
бузуу болгонун байкаган жокпуз. Баары мыйзам талаптарына ылайык өттү.
Шайлоочулардын катышуусу да жакшы болду. Добуш берүү эч кандай тоскоолдуксуз
өттү. Бул бизди кубандырат. Ошондой эле Казакстандагы демократиянын өнүгүп
жатканы да кубандырат
- Курултайга шайлоого бардык саясий партиялар катышты.
Тилкедеги комиссиялардын ишине КМШ Миссиясынын байкоочусу
да көз салып турган. Ал участкалардын жакшы техникалык жабдылышын жана
процедуралардын ачык-айкындыгын баса белгиледи. Байкоочу шайлоо учурунда
участкалардагы жагымдуу маанайды да өзүнчө бөлүп көрсөттү.
Владимир Плякин, КМШ Миссиясынын байкоочусу:
– Бул жерде өзгөчө бир нерсени баса белгилей кетсем болот, туурабы? Бул шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн шайлоочуларга болгон мамилеси. Анткени бул дайыма эле боло бербейт, бирок шайлоо - бул эки тараптуу жол. Бир тарапта добуш берилгендер, экинчи тарапта болсо добуш бергендер турат. Ал эми шайлоочу шайлоого келген сайын, ал өз тандоосун жан-дүйнөсү менен жасайт. Аны шайлоо участогунда канчалык көп тосуп алышканына жараша көп нерсе көз каранды.
Которгон: Назира Бегалиева

