Эксперттер К. Токаевдин китеби жаштар үчүн маанилүү экенин белгилешүүдө

Эксперттер К. Токаевдин китеби жаштар үчүн маанилүү экенин белгилешүүдө

«Казакстандын жаштары мамлекеттин өнүгүүсүнүн жаңы тарыхый этабына даяр болушу керек. Бул жерде билим жана компетенциялар амбициялардан бир топ жогору турууга тийиш». Президенттин бул сөздөрү жаңы муун үчүн руханий багыттар темасына дал келет. Касым-Жомарт Токаевдин 30 жылдан ашык ишиндеги сөздөрүн камтыган «Адилеттүү коомго – акыйкат сөз» жыйнагына кирди. Серепчилер бул китеп өлкөнүн тагдырына кайдыгер карабаган ар бир адамга арналгандыгын баса белгилешет. Анда убакыттын баалуулугу, жүрүм-турум маданиятын калыптандыруу жана коом үчүн маанилүү болгон маселелерди популизм менен алмаштырбоо жөндөмдүүлүгү жөнүндө баяндалат.

Бауыржан Атауов, батыш Казакстан облусунун коомдук кеңешинин төрагасы:

– Китепте кантип токтоо болуу, салмактуу чечимдерди кабыл алуу жана багытты жоготпоо керектиги жөнүндө ойлор камтылган. Менимче, ар бирибиз айлана-чөйрөбүздөгүлөргө урмат-сый менен мамиле кылып, өзүбүз менен иштеп, өлкөнүн келечегин ойлоп, өз ишибизди жазасак, коомубуз даагы да жакшырат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков