Казакстандын бир
палаталуу Курултайга өтүшү чечимдерди кабыл алууну тездетип, бюрократиялык
жол-жоболорду кыскартууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле өлкөнүн Борбор Азиядагы негизги
стратегиялык оюнчулардын бири катары позициясын бекемдейт. Мындай пикирин
Брюсселдеги Club of Brussels аналитикалык борборунун жетекчиси Мишель Де
Кемметтер билдирди. Эксперт глобалдык чакырыктар күчөп турган шартта илимди,
билим берүүнү, изилдөөлөрдү өнүктүрүүгө жана жаңы кесиптер үчүн кадрларды
даярдоого өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи. Анын пикиринде, жаш калктын
көптүгү Казакстанга олуттуу артыкчылыктарды берип, ийгиликтүү өнүгүүнүн үлгүсү
болууга чоң мүмкүнчүлүк түзөт.
Мишель де Кемметтер,
Брюсселдеги Club of Brussels аналитикалык борборунун жетекчиси:
- Эки палаталуу системадан
бир палаталуу системага өтүү мыйзам чыгаруу процессин тездетип, анын
натыйжалуулугун арттырат. Бул эки палаталуу системага караганда кыйла ыкчам
болот, анткени азыркыдай чечимдерди кабыл алуу жайлап, бюрократиялык
жол-жоболор көбөйбөйт. Казакстан бүгүн туура кадамдарды жасап, жөн гана өнүгүп
келе жаткан держава эмес, бүткүл Азияда жана дүйнөдө негизги стратегиялык
оюнчулардын бири болууга мүмкүнчүлүк алды. Жаштарды жаңы кесиптерге даярдоо
үчүн Европага жалпысынан калктын басымдуу бөлүгүн кайра окутууга туура келет. Ал
эми Казакстан жаш жана динамикалуу өлкө болгондуктан, көптөгөн мамлекеттер үчүн
үлгү боло алат.
Өз кезегинде АКШдагы
Каспий саясий борборунун консультативдик кеңешинин мүчөсү Ричард Спунер
Казакстандагы саясий реформалар чечим кабыл алуу процессинин ачыктыгын гана
эмес, саясий партиялардын жоопкерчилигин да жогорулатат деп эсептейт. Анын
пикиринде, бир палаталуу Курултай өлкөнүн унитардык түзүлүшүнө шайкеш келет
жана мыйзам чыгаруу системасын кыйла натыйжалуу кылууга мүмкүндүк берет.
Ричард Спунер, АКШнын
Каспий саясий борборунун Консультативдик кеңешинин мүчөсү:
– Жалпысынан, мындай
модель өзүн актайт деп эсептейм. Бул маселени изилдеп көрдүм. Бир палаталуу
парламенттердин ичинен эң ийгиликтүү мисалдар катары Сингапур жана Скандинавия
өлкөлөрү аталат. Европада мыйзам чыгаруу системасы кыйла натыйжалуу мамлекет
катары Дания өзгөчө белгиленет. Ошондой эле Австралия менен Жаңы Зеландия да
ийгиликтүү мисалдардын катарына кирет.
Которгон: Назира
Бегалиева

