Депутаттар Курултайдын иш регламентин кабыл алышты

Депутаттар Курултайдын иш регламентин кабыл алышты

Казакстанда мыйзам долбоорлорун кароонун 3 баскычтуу модели белгиленди. Депутаттар Курултай регламентин кабыл алышты. Ага ылайык, эми биринчи окууда мыйзам долбоорунун максаты, жоболору жана милдеттери талкууланат. Ал эми экинчисинде киргизилген түзөтүүлөр каралат. Акыркы баскычта анын соңку редакциясынын Конституцияга шайкештиги жана укуктук кемчиликтер талданып, кабыл алынат. Бул жагынан айта кетчү жагдай эл аралык келишимдерди ратификациялоо эки окууда каралат. Курултайга алгачкы мыйзам долбоору келип түштү. Депутаттар алдыдагы үч жылга арналган республикалык бюджетти талкуулашат.

Снежанна Имашева, курултай депутаты:

– Регламенттин маанилүү бөлүгү Курултайдын Конституциялык Соту, Өкмөт жана Казакстан Элдик Кеңеши менен өз ара аракеттенүүсүнө арналган. Анын ичинде Конституцияда жана мыйзамдарда каралган маселелерди кароо жол-жоболору белгиленет. Курултайдын компетенциясына кирген өтө маанилүү маселелер боюнча угуу өткөрүү каралган. Парламенттик көзөмөлдүн өтө маанилүү механизмдеринин бири – Өкмөт сааты. Анын алкагында депутаттар Өкмөттүн өкүлүнүн баяндамасын угат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков