Казакстанда кубаттуулугу 50 МВт болгон Data Center Valley долбоорунун алгачкы объектисинин курулушу кызуу жүрүп жатат. Премьер-министр Олжас Бектенов курулуш иштеринин жүрүшү боюнча жыйын өткөрдү. Ошентип, энергетикалык борборлордун жана AI-фабрикалардын чуңкурларын казуу иштери дээрлик толугу менен аяктап, пайдубалын куюу башталды. Маалымат борборунун негизги имараттарын жана инженердик тармактарын куруу жылдын аягына чейин бүтүрүү, ал эми ишке киргизүү 2027-жылдын кулжа айына пландалууда. Ошол эле учурда, жыйында Cloud First Policy долбооруна даярдык көрүү каралды. Ал чет мамлекеттердин маалыматтарын толук юридикалык эгемендүүлүгүн сактоо менен Казакстанда жайгаштырууга мүмкүндүк берет. Data Center Valley долбоору этап-этабы менен өнүгүп – келечекте жалпы кубаттуулугу 1 ГВтга жетет. Бул жерге эл аралык компаниялардын маалыматтарды иштетүү борборлорун, AI-фабрикаларын, GPU-кластерлерин жана булуттуу платформаларын жайгаштыруу пландалууда. Санариптик экосистема Firebird AI жана NVIDIA менен биргеликте түзүлүүдө.
Багдат Мусин, «Казактелеком» башкармалыгынын төрагасы:
Жабдууларды орнотуу кийинки жылдын башында башталат. Ошол эле учурда биз 116 мегаватт кубаттуулуктагы маалымат борборун курууну баштап жатабыз - долбоор учурда макулдашуу баскычында. 2027-жылдын баш оона айына чейин комплекстин биринчи этабын куруп бүтүрүү. Өлкөгө жана эл аралык өнөктөштөргө көрсөтүп толук кандуу ишке киргизүү. Биз Косшыда дагы бир заманбап маалыматтарды иштеп чыгуу борборун ишке киргизүүгө даярданып жатабыз.
Которгон: Назира Бегалиева

