АКШ Президенти Касым-Жомарт Токаевди Казакстандын көз карандысыздыгынын 35 жылдыгы алдында куттуктады. Дональд Трамп Астанада жана өлкө боюнча миллиондогон казакстандыктар өлкөнүн бай маданиятын, тарыхый мурастарын жана жаратылышынын кооздугун белгилешет, алар республика 1991-жылы көз карандысыздыгын жарыялагандан бери кылдаттык менен сакталып, өркүндөтүлүп келет. Америкалык лидер Казакстан менен АКШнын ортосундагы кеңейтилген стратегиялык өнөктөштүктүн маанисин баса белгилеп, мамилелердин андан ары өнүгүшүнө үмүт артаарын билдирди. Дональд Трамп ошондой эле Касым-Жомарт Токаевдин күчтүү жана чечкиндүү лидерлигин белгиледи. Ал бул маанилүү мааракени белгилөөгө кошулганына сыймыктанганын айтты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

