Будапештте казак киносунун күндөрү өттү. Венгриянын борборунун улуттук кинотеатрында үч күн бою көрүүчүлөргө ата мекендик «Амре», «Кайтадан» жана «Энеге карай жол» тасмалары сунушталды. Ар бир тасмада Казакстандын тарыхы, маданияты жана элинин руханий баалуулуктары чагылдырылган. Биринчисинде Европага таанымал болгон казак ырчысы Амре Кашаубаевдин өмүр жолу жана чыгармачылык жолу баяндалат. Экинчиси жеке тандоо жана жоопкерчилик темаларына токтолот. Үчүнчүсү татаал тарыхый окуялардын фонунда энелик сүйүүнүн жана үй-бүлөлүк баалуулуктардын күчүн көрсөтөт. Көрсөтүүгө венгриялык саясатчылар, маданият ишмерлери, дипломаттар, казак диаспорасынын өкүлдөрү жана студенттер катышты. Мындай иш-чара чет элдик көрүүчүлөрдү казак кинематографиясы менен тааныштырууга, маданий байланыштарды чыңдоого жана эки өлкөнүн кызматташтыгын өнүктүрүүгө жардам берет. Иш-чараны Казакстандын Венгриядагы элчилиги Маданият жана маалымат министрлигинин ошондой эле «Казакфильм» киностудиясынын колдоосу менен уюштурган.
Сара Джиневра Менегетти, Италиянын Венгриядагы элчилигинин консулу:
– Мен Казакстанда үч жылга жакын жашадым, ошондуктан бул кече ошол учурду, казак улутунун маданиятын, алтургай казакстандыктардын юмордук өнөрүн эске салды. Мен Казакстандын элчиси Анель Бакытбек кызынын маданий дипломатия адамдардын бири-бирин жакындан таанып, маданияттын жаңы жактарын ачуусуна жардам берет деген пикирине толугу менен кошулам.
Тимеа Янурик, элдик музыкасынын окутуучусу, PHD докторанты:
– Мен кино көрсөтүүгө атайын чакыруу менен келдим. Музыкант катары чыгарма мага өзгөчө таасир калтырды. Кеченин аягында мени башкы ролдун аткаруучусу менен байланышкан чыныгы кубаныч күтүп турду. Тасма жогорку деңгээлде тартылган. Мындан тышкары, казакстандыктар менен баарлашып, кечеден жакшы таасир алдым.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

