Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы Астана убактысы боюнча саат 18:00гө карата өлкө жарандарынын 72%дан ашыгы добуш бергендигин билдирди. Бир палаталуу Курултайга шайлоодо 9 миллион 95 миңден ашык адам жарандык позициясын билдирген. Эң жогорку активдүүлүк Түркестан облусунда катталган. Ал жакта тургундардын 90%дан ашыгы добуш берген. Жетису облусунда бул көрсөткүч 89,69%ды түздү, ал эми Кызылорда облусунда 88%дан бир аз жогору болду. Шайлоо участкалары жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:00гө чейин ишин улантат, жарандардын катышуусу тууралуу маалыматтар жаңырып турат.
Которгон:
Назира Бегалиева

