Курултай депутаттарын шайлоого катышуу үчүн партиялык
тизмелерди каттоо финалдык баскычка чыгууда. Расмий түрдө бул процедура теке айынын 23дө саат 18:00дө аяктайт. Учурда
Борбордук шайлоо комиссиясы «Respublica», «Ак жол», Жалпы улуттук социал-демократиялык партиясы, «Байтак» жана Казакстандын
Элдик партиясы сыяктуу саясий бирикмелердин тизмелерин каттады. Акыркы аталган партия 72 талапкер көрсөттү.
Алардын дээрлик 42% аялдар, жаштар жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды түзөт. Мыйзамдын квота
боюнча талаптары толугу менен аткарылды. БШК бардык талапкерлер Конституциянын
жана «Шайлоо жөнүндө» мыйзамынын талаптарына жооп бере тургандыгын текшерүүдөн
өткөндүгүн билдирди. Мындан тышкары, Элдик партия шайлоо төгүмүн төлөөдөн
бошотулду. Мындай укукту ал мурунку Мажилиске шайлоодо беш пайыздык
тоскоолдукту жеңгенден кийин алган.
Нурсултан Шоканов, Казакстан элдик партиясынын
төрагасы:
– Биздин
тизмеде Казакстандын жашоосунун дээрлик бардык негизги чөйрөлөрүнүн адистери
бар. Алар курчап турган теориячыл популисттер эмес, бийик компетенцияга жана
билимге ээ болгон реалдуу практиктер. Талапкерлерибиздин арасында илимдин
докторлору, магистрлер, профессорлор, эмгек сиңирген мугалимдер, Казакстандын
эмгек сиңирген ишмерлери, ардактуу куруучулар, ардактуу юристтер, мамлекеттик
сыйлыктардын лауреаттары жана «Казакстандын 100 жаңы жүзү» долбоорунун
катышуучулары бар».
Казакстандын «Байтак» жашылдар партиясынан Курултайга депутаттыкка талапкерлердин саны да белгилүү болду. Алдыдагы шайлоодо саясий бирикмени 47 адам көрсөтөт. Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришкендей, партия шайлоо төгүмүнүн 70% төлөгөн. Төлөмдүн жеңилдетилген мөөнөтү сегизинчи чакырылыштагы Мажилистин депутаттарын шайлоодо эки пайыздан ашык добуш алган саясий күчтөргө каралган.
Азаматхан Амиртаев, Казакстандын «Байтак» жашылдар партиясынын төрагасы:
– Партиялык тизмеде 18 талапкер бар – аялдар, жаштар жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, алар чогуу алганда 38,3% түзөт. Мыйзамда белгиленген квота сакталган. Партиялык тизмеге киргизилген бардык адамдар Конституциянын жана «Шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын талаптарына жооп берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

