Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы Курултайга шайлоонун алдын ала
жыйынтыгын жарыялады. Алардын маалыматы боюнча, жалпысынан 12 миллион 623 миң
шайлоочунун 9 миллион 351 миңден ашыгы добуш берүүгө катышкан. Алдын ала
катышуу 74,08% түздү. Эң көп колдоого «Адилет» партиясы ээ болду, шайлоочулардын 71,17% добуш берди. «Айыл»
үчүн 6,26% добуш берилди, «Respublica» партиясы 5,56% добуш алды, «Ак жол» -
5,21%, Жалпы улуттук социал-демократиялык партия - 5,11%. Казакстандын Элдик
партиясы БШКнын маалыматы боюнча, 3,11% добуш алды, «Байтак» - 1,07%. Добуш
берүүгө катышкандардын дагы 2,51% «баарына каршы» деген вариантты тандашкан. БШКдан
шайлоонун жыйынтыгы белгиленген тартипте аныкталарын белгилешти.
Которгон: Назира Бегалиева

