Борбор Азия дүйнөдөгү эң ылдам өнүгүп жаткан аймактардын бири бойдон калууда. Бул жерде экономикалык өсүү темпи дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн жогору. Аймактагы мамлекеттердин жалпы ички дүң өнүмү 550 миллиард доллардан ашты. Экономика менен катар өз ара соода жүгүртүү да өсүүдө. Акыркы алты жылда аймак өлкөлөрүнүн ортосундагы товар жүгүртүү эки эсеге көбөйүп, 12 миллиард долларга жетти. Келечекте бул көрсөткүчтү 20 миллиард долларга чейин жеткирүү пландалууда. Ал эми Казакстандын Борбор Азия өлкөлөрү менен болгон товар жүгүртүүсү 8,5 миллиард доллардан ашты. Мындан аркы өсүштү камсыз кылуу үчүн аймакта жаңы долбоорлор ишке ашырылууда. Өлкөлөр соода-логистикалык борборлорду жана биргелешкен өндүрүштөрдү түзүп, электрондук коммерцияны жана санариптик рынокту өнүктүрүүдө. Башкы артыкчылыктардын бири — транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү. Айрыкча Транскаспий эл аралык транспорттук коридорун жана жаңы темир жол каттамдарын кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.
Которгон: Назира Бегалиева

