Малайзиянын жогорку окуу жайлары Казакстанда филиалдарын ачууну пландап жатат. Бул тууралуу Астанада өткөн «Малайзия - Борбор Азия - 2026» эл аралык форумунда белгилүү болду. Аймактын беш өлкөсүнүн билим берүү чөйрөсүнүн өкүлдөрү мындан аркы кызматташтыктын келечегин талкуулашты. Атап айтканда, бул академиялык байланыштарды жана кош дипломдук программаларды өнүктүрүүгө тиешелүү. Студенттер академиялык мобилдүүлүктүн алкагында аймактын жана Малайзиянын жогорку окуу жайларында билим ала алышат. Мындан тышкары, тараптар биргелешкен илимий-изилдөө борборлорун түзүүгө кызыкдар экендигин билдиришти. Малайзия жана Борбор Азия мамлекеттери үчүн жасалма интеллект жана санариптик технологиялар изилдөө үчүн келечектүү багыттар деп аталды. Ошондой эле энергетика, айыл чарба тууралуу сөз болду. Суу ресурстарын башкарууга өзгөчө көңүл буруу пландалууда. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Казакстандын жана Малайзиянын жогорку окуу жайларынын ортосунда 80ден ашык кызматташтык келишими түзүлгөн.
Нови Таджуддин, Education Malaysia Global Services мекемесинин башкы мүдүрү:
– Азыр Малайзияда Казакстандан 1400гө жакын студент билим алууда. Биздин өлкө жогорку билим берүү жаатында дүйнөнүн 14 алдыңкы өлкөсүнүн катарына кирет. Биз буга чейин казак университеттери менен бир нече багыттар боюнча кызматташып жатабыз. Мындан тышкары, эки күн мурда Казакстандын илим жана жогорку билим берүү министри менен да сүйлөшүүлөрдү өткөрдүк. Биздин кызматташтыгыбыз мындан ары да жигердүү өнүгөт деп ишенем.
Которгон:
Илгиз Жамалбеков

