Борбор Азия өлкөлөрүнүн Президенттери UIM F1H2O суу-мотор спорту боюнча дүйнө чемпионатынын этабынын ачылыш аземине катышышты. Мамлекет башчылары катышуучулар менен баарлашып, символдук ишке киргизүү механизмин биргеликте басуу менен мелдешке расмий старт беришти. Белгилей кетсек, бул Гран-при Кыргызстанда биринчи жолу өткөрүлүп жатат жана республиканын тарыхындагы эң ири эл аралык спорттук-маданий окуялардын бири болуп калды. Мелдешке Бириккен Араб Эмираттары, Австралия, Канада жана башка өлкөлөрдүн атынан 8 команда менен 18 пилот катышууда.
Которгон: Назира Бегалиева

