Бельгиянын Падышасы менен Ханышасы Казакстанга мамлекеттик сапар менен келишти

Бельгиянын Падышасы менен Ханышасы Казакстанга мамлекеттик сапар менен келишти

Бельгиянын падышасы Филипп жана ханыша Матильда мамлекеттик сапары менен Казакстанга келишти. Аларды Астана аэропортунда президент Касым-Жомарт Токаев өзү тосуп алды, ал эми чек арадан өткөн учурдан тартып падыша жубайлардын учагын өлкөнүн Аскер-аба күчтөрүнүн тик учактары коштоп жүрдү. Аэропортто жогорку конокторду Ардактуу күзөт ротасы жана президенттик оркестр тосуп алышты. Салтанаттуу аземден кийин, Мамлекет башчысы аэропорттун күтүү залында монархтар менен кыскача баарылашып, казак-белгиялык мамилелерди чыңдоо үчүн сапардын тарыхый маанисин баса белгиледи.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

–  Казакстан сиздин сапарыңызды кабыл алууга абдан кубанычта. Сиз биздин мамлекетибиздин өнүгүүсүнүн өзгөчө маанилүү мезгилинде келдиңиз. Жалпысынан алганда, биз ийгиликтүү өнүгүп жатабыз, экономикабыз өсүүдө. Чындап айтканда, сиздин сапарыңыз эки тараптуу мамилелерге чоң түрткү берет деп айтсак болот.

Падыша Филипп Касым-Жомарт Токаевга жылуу кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал алдыдагы сүйлөшүүлөр эки өлкөнүн көп кырдуу кызматташтыгын өнүктүрүүгө жаңы дем берет деген ишенимин билдирди.

Филипп, Бельгиянын Падышасы:

– Учактан түшөрүбүз менен бизди жылуу тосуп алганыңыздар үчүн чоң рахмат. Биз бул жерде үч күн бою болууга абдан кубанычтабыз жана сиздердин өлкөңүздөр менен мүмкүн болушунча жакындан таанышууга үмүт кылабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков