Казакстан Азия өнүктүрүү банкынан болжол менен 230 миллиард теңге карыз алат. Курултай тиешелүү келишимди ратификациялады. Каражат транспорт инфраструктурасын, өнөр жайды жана билим берүүнү каржылоого жумшалат. Үстүбүздөгү жылдын аяк оона айында кол коюлган документте Азия өнүктүрүү банкы 3,4 миллиард кытай юанын 15 жыл аралыгында, анын ичинде үч жылдык жеңилдетилген мөөнөттө бөлүп берүү каралган. Каржы министри Мади Такиев белгилегендей, насыя маанилүү социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга жана туруктуу экономикалык өсүштү колдоого жардам берет.
Мади Такиев, Казакстан Республикасынын каржы министри:
– Казакстанга тиешелүү каражаттардын көлөмүндө насыя берүү эл аралык деңгээлде өлкөбүзгө болгон жогорку ишенимди билдирет. Ошол эле учурда, мамлекеттик каржыны башкаруу концепциясы тарабынан белгиленген карыздык көрсөткүчтөрдүн иш жүзүндөгү деңгээли жол берилген чектен чыкпай турганын белгилей кетүү керек.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

