Астанада Республика күнүнө карата эл аралык конференция өттү

Астанада Республика күнүнө карата эл аралык конференция өттү

Астанада Республика күнүнө арналган эл аралык конференцияда адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо башкы тема болду. Катышуучулар Казакстандын жаңы Конституциясында бекитилген, анын ичинде жеке маалыматтарды коргоо жана санариптик коопсуздукту камтыган кепилдиктерди да талкуулашты. Квалификациялуу юридикалык жардамга жетүүнү, адамдын кадыр-баркын жана кол тийбестигин коргоону өзгөчө белгилешти. Ошондой эле, серепчилер мыйзамдарды өркүндөтүү жана социалдык адилеттүүлүктү бекемдөө жолдорун карашты. «Мамлекет адам үчүн» принцибин күнүмдүк жашоодо ишке ашыруу маселеси да козголду.

Алексей Рогов, ЕККУнун Астанадагы программалар кеңсесинин жетекчиси:

– Жакында кабыл алынган Жаңы Конституция адамдык мамилеге негизделген. Бул жеке адам, анын укуктары, анын кадыр-баркы бардык аракеттерди, бардык программаларды жана мамлекеттик бардык иш-аракеттерди аныктоого тийиш дегенди билдирет. Бул принцип эл аралык укукта, атап айтканда, Адам укуктарынын жалпы декларациясында, жарандык жана саясий укуктар жана социалдык-экономикалык укуктар боюнча пакттардын духунда бекемделген.

Конференциянын катышуучулары «Угуучу мамлекет» концепциясынын уландысы Казакстан Элдик Кеңешинин иши болоорун белгилешти. Дал ушул Кеңеш коомчулук менен бийликтин ортосундагы диалогду бекемдөөгө багытталган. Жакын арада санариптик платформа ишке киргизилип, ал аркылуу казакстандыктар ички саясат жана мамлекеттик органдардын иши чөйрөсүндө демилгелерди сунуштай алышат.

Жандос Актаев, Казакстан Элдик кеңешинин мүчөсү, «Esti Bol Qory» коомдук фондунун төрагасы:

– Жарандык демилгелерди түз чогултуп, өзүбүз уюштуруп, өзүбүз тапшырабыз. Биз аларды мыйзам чыгаруу демилгелерине айландырып, Курултайга түзөтүүлөрдү киргизүүгө жөнөтөбүз, же жергиликтүү аткаруу органдары, борбордук мамлекеттик органдар менен биргеликте жарандар тарабынан көтөрүлгөн бул маселелерди тез, жөнөкөй тил менен айтканда, чечүү үчүн иштейбиз. Бул негизинен адамдык борборлоштуруу болуп саналат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков