Астанада окумуштуулар Алтын Ордонун мурасын талкуулашты

Астанада окумуштуулар Алтын Ордонун мурасын талкуулашты

Алтын Ордонун мурасы Евразия элдеринин ортосундагы тарыхый-маданий байланыштарды бекемдөөгө негиз боло алат. Бул тууралуу Астанада өткөн эл аралык илимий-практикалык конференцияда айтылды. Серепчилер Казакстан, Монголия, Өзбекстан, Кыргызстан, Түркмөнстан, ошондой эле Татарстан жана Башкыртстанды жалпы тарыхый тамырлар жана маданий салттар бириктирерин белгилешти. Катышуучулар Жошы улусунун мурасына жана түрк мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүшүндөгү ролуна өзгөчө көңүл бурушту. Окумуштуулар ошондой эле Казакстандын Алтын ордо цивилизациясынын ири борборлорунун бири жана анын тарыхый мурасынын сактоочусу катары маанисин баса белгилешти.¤

Максат Алпысбес, Л.Н. Гумилев атындагы Евразия Улуттук университетинин «Алтын Ордо цивилизациясы» кафедрасынын башчысы:

– Улуу талаанын мамлекеттүүлүк тарыхы Жошы улусунун доорунан башталат. Президент Касым-Жомарт Токаев эл аралык симпозиумда Алтын Ордонун эң маанилүү мурасы –  анын мамлекеттик ишмердүүлүгү экенин белгилеген. Бүгүнкү Казакстан – Жошы улусунун маданий жана цивилизациялык мураскери. Учурда өтүп жаткан конференцияда да изилдөөчүлөр Алтын Ордонун тарыхын жана анын мамлекеттик түзүлүшүн талкуулап жатышат. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков