Астанада Казакстан–Бельгия ишкердик кеңешинин жыйыны өттү

Астанада Казакстан–Бельгия ишкердик кеңешинин жыйыны өттү

Казакстандын Президенти жана Бельгия Падышасы казак-белгиялык бизнес кеңешинин 4-жыйынына катышты. Касым-Жомарт Токаев монархтардын катышуусу достуктун жана эки тараптуу өнөктөштүктү жаңы деңгээлге чыгаруу боюнча жалпы чечкиндүүлүктүн жаркын далили экенин баса белгиледи. Бүгүнкү күндө Бельгия Казакстандын экономикасына эң ири инвесторлордун ондугуна кирет. Акыркы жыйырма жылда бельгиялык компаниялар 15 миллиард доллардан ашык каражат салышкан. Өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүү да өсүүдө. Жыл башынан бери ал 10%га өскөн. Бирок, Касым-Жомарт Токаев баса белгилегендей, бул чек эмес. Мамлекет башчысынын пикири боюнча, кызматташтыкты бекемдөө үчүн негизги багыттардын бири транспорт жана логистика болуп саналат. Казакстан азыр Ортоңку коридор боюнча автоунаа, темир жол инфраструктурасын, деңиз портторун жана терминалдарын активдүү модернизациялап жатат.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

–   Бул контекстте Европанын эң ири логистикалык борборлорунун бири катары Бельгиянын чоң тажрыйбасы биз үчүн өзгөчө баалуу. Биз Антверпен-Брюгге порт комплекси менен Каспий деңизиндеги Актау жана Курык порттору ортосунда практикалык өнөктөштүктү орнотууну чыдамсыздык менен күтөбүз. Бул Казакстандан металл буюмдарын, мунай-химия жана айыл чарба товарларын сатуу үчүн кеңири базарларды ачат.

Кызматташтыктын кийинки келечектүү багыты жасалма интеллект  жана технологиялык индустрия. Бул жерде мамлекет башчысы өндүрүштөрдү өнүктүрүү үчүн борбор катары AlemAi жана Alatau Cityнин дараметин изилдөөнү сунуштады. Өнөктөштүк үчүн өз ара пайдалуу тармактарга энергетика, маанилүү материалдар жана мунай химиясы кирет. Касым-Жомарт Токаев бельгиялык компанияларды терең кайра иштетүү жана жогорку кошумча наркы бар полимердик өнүмдөрдү өндүрүү жаатындагы долбоорлорго катышууга чакырды.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

–  Биздин максат ата мекендик кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү жана кошумча наркы жогору товарларды чыгарууну көбөйтүү. John Cockerill компаниясынын Qarmet менен биргеликте металлды цинктөө жана коргоочу каптамаларды түшүрүү боюнча жаңы кубаттуулуктарды түзүү долбоору өнөр жай тармагындагы кызматташтыгыбыздын айкын мисалы болуп саналат. Ошондой эле бельгиялык өнөктөштөрдүн геологиялык чалгындоо, чийки затты жана металлдарды терең иштетүү иштерине катышуусун колдойбуз.

Казакстан медицина тармагында, атап айтканда онкологиялык ооруларды дарылоонун алдыңкы ыкмаларын иштеп чыгуу, ишке киргизүү жана адистерди даярдоо боюнча кызматташууга да кызыкдар. Президент ошондой эле бельгиялык фармацевтикалык компанияларды өлкөдө өндүрүштүк ишканаларды түзүүгө чакырды. Падыша Филипп өз кезегинде Брюссель менен Астанада Европа жана Борбор Азиянын байланыштарын чыңдоо үчүн бардык зарыл өбөлгөлөр бар экенин белгиледи.

Филипп, Бельгия Падышасы:

–  Европа Биримдигинин борборунда жайгашкан Бельгия Европа рыногуна дарбаза катары кызмат кылат жана технология, инновация, таза энергия, логистика, эл аралык соода тармагында олуттуу тажрыйбага ээ. Ал эми Казакстан Евразия чөлкөмүндөгү маанилүү звено болуп саналат. Уникалдуу географиялык жайгашуусунун жана олуттуу жаратылыш ресурстарынын аркасында ал дүйнөлүк экономикада өзгөчө орунду ээлеп, соода, инвестиция жана жашыл экономиканы өнүктүрүү боюнча аймактык борборго айланды. Бул өз ара кызматташтыкты бекемдөө үчүн табигый негиз түзөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков