Азияда өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча
кеңешменин мүчө-мамлекеттери каржылык кызматташтыкты бекемдөө, санариптик
технологияларды өнүктүрүү жана биргелешкен долбоорлорго, анын ичинде жашыл
долбоорлорго инвестиция тартууну көздөшүүдө. Астанада «Астана» Эл аралык каржы
борборунун төрагалыгы астында АӨИКтин Каржылык саммитинин биринчи отуруму өттү.
Белгилей кетсек, мындай туруктуу аянтчаны түзүү демилгесин Казакстандын
президенти 2022-жылы көтөргөн. Жаңы платформа жөнгө салуучуларды, банктарды,
биржаларды жана өнүктүрүү институттарын бириктирип, чек ара аркылуу
эсептешүүлөрдү өркүндөтүү, санариптик каржылык технологияларды киргизүү, жашыл
жана туруктуу каржылоону жайылтууга багытталган. Отурумга Уюмдун 16
мүчө-мамлекетинин өкүлдөрү катышты. Алар конкреттүү долбоорлорго негизделген
мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктарын аныкташты. Иштин практикалык
багыттарынын бири жашыл облигациялар рыногун өнүктүрүү болушу мүмкүн. Казакстан
буга чейин тиешелүү тажрыйбага ээ жана аны региондун башка мамлекеттери менен
бөлүшүүгө даяр.
Манас Гиждуаниев, AЭКБнын жашыл каржы борборунун башкы мүдүрү
(Aifc Green Finance Centre):
– Азыркы учурда рынокто экологиялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жашыл
облигацияларды чыгарган жеке компаниялардын көптүгүн көрүп жатабыз. Азыркы
учурда Казакстандагы туруктуу облигациялар рыногунун көлөмү болжол менен 3,9
миллиард теңгени түзөт. Жалпысынан алганда, бул Борбордук Азиядагы туруктуу
каржылоо рыногунун эң чоң көлөмү. АЭКБнын Жашыл каржылоо борбору Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана
Азербайжандагы эң биринчи жашыл облигацияларды колдоду.
Кайрат Сарыбай, Азияда өз ара аракеттенүү
жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин катчылыгынын башкы катчысы:
– Мен
мамлекеттердин мүчөлөрү жаңы багытты ачып жатканына абдан кубанычтамын, анткени
2014-жылы түзүлгөн Ишкерлер кеңеши буга чейин АӨИКнын алкагында иштеп келген. Ошол
учурдан бери АӨИКнын алкагында бизнес-форумдар үзгүлтүксүз өткөрүлүп келет.
Менимче, Каржылык саммит биздин мүчө мамлекеттердин ортосундагы экономикалык
өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө багытталган.
Которгон:
Илгиз
Жамалбеков

