Алматыда
алты өлкөнүн - Казакстан, Армения, Кытай, Франция, Жапония жана Пакистандын
тынчтык орнотуучулары үчүн эл аралык даярдоо курсу
башталды. Катышуучулар куралдуу жаңжалдар жана
гуманитардык кризистер учурунда жарандарды коргоонун өзгөчөлүктөрүн үйрөнүшөт. Аялдардын,
балдардын жана улгайган адамдардын коопсуздугу маселелери өзүнчө каралат. БУУнун Коопсуздук Кеңешинин
1325-резолюциясына жана аялдардын тынчтык орнотуу миссияларындагы ролуна өзгөчө
көңүл бурулду. Сабактар
Коргоо министрлигинин Тынчтык орнотуу операциялары борборунда казакстандык жана
чет өлкөлүк эксперттер тарабынан ЕККУнун Программалар кеңсеси менен биргеликте
англис тилинде өтүп жатат. Уюштуруучулардын
айтымында, мындай окутуу тынчтык орнотуучуларга эл аралык стандарттарды жана
тажрыйбаны колдонууга жардам берет. Ошондой эле тынчтык жана коопсуздукту
сактоо жаатындагы кесиптик көндүмдөрдү жана кызматташтыкты бекемдейт.
Асель Каратаева, ЕККУнун Астанадагы
Программалар кеңсесинин аскердик-саясий маселелер боюнча улук кеңешчисинин
милдетин аткаруучу:
– Бул
окуу курсунун аскер кызматкерлери жана тынчтык орнотуучулар үчүн негизги темасы
- эл аралык тынчтык орнотуу операцияларындагы жана жарандык миссиялардагы
гендердик аспектилер. Бул аспект
жарандык калкты коргоодо чоң мааниге ээ. Курс теориялык гана эмес, практикалык
даярдыкты да камтый турганын белгилегим келет. Аталган
курс төртүнчү жолу өткөрүлүп жатат.
Которгон: Назира Бегалиева

