Алматыда «Казакстан жана Кытай» инвестициялык форуму өттү. Форумдун алдында катышуучулар Маңгыстау облусунда курман болгон аскер кызматкерлерин бир мүнөттүк унчукпай эскеришти.
Жаңы «алтын отуз жылдагы» казак-кытай кызматташтыгы бардык негизги багыттар боюнча комплекстүү мүнөзгө ээ болду, деп белгиледи президент Касым-Жомарт Токаев. Кытай Казакстандын негизги соода өнөктөшү бойдон калууда. Өткөн жылы өлкөлөрдүн ортосундагы соода 50 миллиард долларга жакындаган. Эми аны 100 миллиард долларга жеткирүү пландалууда. Кытайдын экономикага инвестициясы 29 миллиард доллардан ашты. Инвестицияларды илгерилетүү жана өз ара коргоо жөнүндө келишимди ратификациялоо эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү үчүн негиз болуп кызмат кылды. Мамлекет башчысы транспорттук байланыштарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурду. Казакстан Ортоңку коридорду, темир жол жана автоунаа жолдорун, порттун кубаттуулугун кеңейтүүдө. 2029-жылга чейин Кытайдан Европага баруучу контейнердик поезддердин саны 3000ге жетиши күтүлүүдө.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Ушул жылдын баш оона айында мен Арал-Каспий автомагистралынын курулушуна старт бердим. Жаңы маршрут Чыгыш-Батыш багытындагы өткөрүү жөндөмдүүлүгүн бир топ жогорулатат. Моюнты-Кызылжар жана Бахты-Аягөз темир жол линияларынын ири масштабдуу курулушу жакында аяктайт. Жүк ташуудагы ачык-айкындуулук «Акылдуу чек ара» пилоттук долбоорунун алкагында санариптик технологияларды биргелешип ишке ашыруу менен камсыздалат. Кытайлык Minmetals Logistics корпорациясы менен өнөктөштүктө пилотсуз транспорттук технологияларды жана санариптик чечимдерди камтыган логистикалык коридор түзүлүүдө.
Өнөр жай кызматташтыгы да активдүү өнүгүп жатат. Казакстан менен Кытай учурда 62 миллиард доллардан ашык суммадагы 260 долбоорду ишке ашырып жатышат. Президент ири демилгелерди ишке ашыруу үчүн тиешелүү каржы архитектурасы талап кылынарын баса белгиледи.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Казакстан бүтүндөй инвестициялык циклди мүмкүн болушунча кыска, ачык-айкын жана технологиялык жактан өнүктүрүүнү көздөйт. Улуттук инвестицияларды илгерилетүү компаниясынын (Kazakh Invest) алдында казак-кытай инвестициялык фондун түзүү боюнча келишимге кол коюу ушул багыттагы дагы бир маанилүү кадам болуп саналат.
Ошондой эле, президент бизнес чөйрөлөрүнүн ортосундагы түз өз ара аракеттенүүнү күчөтө турган форумду жыл сайын өткөрүүнү сунуштады. Иш-чаранын жыйынтыгында жаңы келишимдерге жетишилди. Тараптар 10 келишимге кол коюшту, анын ичинде жаңы өндүрүштүк кубаттуулуктарды куруу, энергетика жана инфраструктураны өнүктүрүү, биргелешкен долбоорлорду каржылоо боюнча келишимдер бар. Андан тышкары, Касым-Жомарт Токаев видео-конференция аркылуу Жамбыл облусунда жүгөрүнү терең кайра иштетүү боюнча өнөр жай паркын курууну баштады. Комплекске салынган инвестиция биринчи этапта эле 350 миллион долларды түздү. Завод жылына 500 000 тоннага чейин жүгөрүнү кайра иштете алат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

