Актауда
эл аралык контейнердик хаб ишке кирди. Аянты 19 гектар болгон аймакка салмагы
41 тоннага чейинки эки рельс краны орнотулуп, кадимки жана рефрижератордук
контейнерлер үчүн аянтчалар жабдылды. Бул жерде жүктөрдү салмактап,
оңдоп-түзөө, сертификаттоо жана сактоо кызматтары көрсөтүлөт. Учурда хабдын
кубаттуулугу жылына 120 миң контейнерге чейин өткөрүүгө мүмкүндүк берет.
Долбоордун кийинки этабы аяктагандан кийин бул көрсөткүч эки эсеге көбөйөт.
Терминал аркылуу Европа, Түркия, Азербайжан жана Грузия багытындагы эл керектөөчү товарлары, жабдуулар жана
техникалар өтөт. Жаңы логистикалык комплекси Кытайдын Ляньюньган портун, «Хоргос
– Чыгыш дарбазасы» кургак портун, Актау портун жана Каспий деңизи аркылуу
өтүүчү каттамдарды бириктирген бирдиктүү транспорттук-логистикалык чынжырынын
бир бөлүгү болот. Анын ачылышы Казакстандын транзиттик дараметин бекемдеп, Ортоңку коридордун
мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет. Долбоор Президент Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасы
менен ишке ашырылды.
Кайрат
Калиолла, Актау эл аралык
контейнер хабынын башкы мүдүрүнүн орун басары:
–
Контейнердик хабды куруунун негизги максаты - Кытайдан Европага транзиттик
жүктөрдү ташуу. Бул бир гана транзиттик жүктөрдү эмес, Казакстандын экспорттук
жүктөрүн да ташуу мүмкүнчүлүгүн камтыйт. Хаб Транскаспий эл аралык транспорттук
маршрутунун өнүгүшүнө олуттуу таасирин тийгизет.
Арман
Жакупов, Актау эл аралык контейнердик хабынын коммерциялык маселелер боюнча
аткаруучу мүдүрү:
– Бул Казакстанга импорттолгон жана Казакстандан экспорттолгон жүктөр. Контейнердик жүк ташуулардын жалпы көлөмүнүн болжол менен 25% импорт, 15% экспорт түзөт. Ал эми 60% түздөн-түз контейнердик хабга багытталган Кытайдан келген транзиттик жүктөргө туура келет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

