Бүгүн Акордада Казакстанда санариптик технологияларды өнүктүрүү жана адам капиталын өстүрүү маселелери талкууланды. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана Network School компаниясынын негиздөөчүсү Баладжи Шринивасан менен жолугушту. Мамлекет башчысы өлкөнүн технологиялык экосистемасын түзүүгө компаниянын салымын жогору баалап, Казакстанда «Элдик курулуш» программасынын алкагында мектептер, университеттер жана медициналык мекемелердин массалык курулушу пландалганын айтты. Касым-Жомарт Токаев Астанада Network School Kazakhstan компаниясынын ишке киришин жана компаниянын казакстандык жогорку окуу жайлар менен технологиялык ишканалар менен өнөктөштүктү кеңейтүүгө кызыкдар экендигин кубаттады. Өз кезегинде, Баладжи Шринивасан өлкөдөгү алдыңкы чечимдерди жана экономиканын салттуу тармактарын ийгиликтүү айкалыштырууну өзгөчө белгиледи. Инновацияларды киргизүүнү ал Network School Kazakhstan үчүн артыкчылыктуу багыт деп атады. Президент Баладжи Шринивасанга Astana AI Film Festival фестивалын каржылык жактан колдогону үчүн ыраазычылык билдирип, жолугушуунун соңунда Казакстанда жасалма интеллектти жана инновацияларды өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн II даражадагы «Достук» ордени менен сыйлады.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

