2027–2029-жылдарга Республикалык бюджеттин долбоору Курултайга сунушталды

2027–2029-жылдарга Республикалык бюджеттин долбоору Курултайга сунушталды

Алдыдагы үч жылга республикалык бюджеттин долбоору Курултайда сунушталды. Ошентип, кирешелер 25,5 триллион теңге деңгээлинде күтүлүүдө. Эң чоң чыгашалар – адам капиталына салынган инвестициялар. Бул үчүн 10,5 триллион теңгеден ашык каражат бөлүнөт. Дагы 7,5 триллионго жакыны аймактарга берилет. Бул каражаттар жолдорду, мектептерди, ооруканаларды, коммуналдык инфраструктураны жана газдаштырууну курууга жумшалат.


Абзал Бейсенбекулы, Каржы вице-министри:


– Жыл сайын аймактарга казынанын чейреги, же 7,4 триллион теңге, 24,8% багытталат. Белгилей кетчү нерсе, бул каражаттардын баары биринчи кезекте адамдар үчүн арналган. Бул үйлөрдөгү суу жана жылуулук, жолдор, мектептер, ооруканалар, газдаштыруу жана коммуналдык инфраструктура. Биздин милдет - калктын жашоосу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү.


2027-жылы экономикалык өсүш 5% деңгээлинде күтүлүүдө. Бул учурда анын негизин мунай казып алуу гана эмес, кайра иштетүүчү өнөр жай дагы негизги ролду ойной турганы болжолдонууда. Улуттук экономиканын биринчи вице-министри Азамат Амриндин айтымында, ал буга чейин эле эки жылдан бери казып алуу секторунан тез өсүп жатат.


Азамат Амрин, Улуттук экономика боюнча биринчи вице-министри:


–  Мурда ал тармак казып алуучу мүнөзгө, тагыраак айтканда, чийки зат секторуна таандык болчу. Азыр болсо, тескерисинче, ал ресурстарга негизделбеген мүнөзгө ээ. Жалпы көлөмдөгү тоо-кен тармагынын үлүшү 16%дан 8%га чейин — иш жүзүндө эки эсеге — кыскарды, ал эми өндүрүш сектору өстү.


Которгон: Илгиз Жамалбеков