Адам капиталын өнүктүрүү — Казакстандын стратегикалык артыкчылыгы

Адам капиталын өнүктүрүү — Казакстандын стратегикалык артыкчылыгы

Адам капиталын өнүктүрүү Казакстандын стратегиялык артыкчылыктарынын бири бойдон калууда. Билим алуу укугу жаңы Конституцияда бекемделген, ал эми бүгүнкү күндө окуу системасы заманга жараша жана жаңы талаптарга жооп берүү үчүн трансформациядан өтүүдө. Иштин бир багыты мектептерге жана колледждерге жасалма интеллектти киргизүү менен байланыштуу. Бугу айында Президент Касым-Жомарт Токаев жарлыкка кол койгон, ал эми өкмөт 2029-жылга чейин Комплекстүү планды кабыл алган. Аяк оона айынын 1нен баштап Павлодар жана Костанай облустарынын мектептеринде пилоттук долбоор башталды. Санариптик куралдар менен иштөө менен катар мугалимдер да окутулууда. Буга чейин 300 миңден ашуун педагог даярдыктан өткөн. Орто билим берүү комитетинин төрагасынын орун басары Жомарт Карамбаевдин айтымында, алар сабакка даярданууда жана тапшырмаларды түзүүдө жасалма интеллект колдонушат.

Жомарт Карамбаев, Казакстан Республикасынын Агартуу министрлигинин Орто билим берүү комитетинин төрагасынын орун басары:

– Министрлик балдардын негизги предметтер боюнча базалык билимин, ошондой эле санариптик сабаттуулугун жана сынчыл ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат. Эгерде баланын негизги предметтер боюнча билими бекем болуп, санариптик мейкиндикте эркин багыт алып, сынчыл ой жүгүртө алса, албетте, өзгөрүп жаткан дүйнөгө да оңой ыңгайлаша алат.

Казакстанда жогорку билим берүү системасы да масштабдуу өнүгүүдө. Өлкөдө жаңы университеттер ачылууда, анын ичинде жасалма интеллектке багытталган университеттер да бар. Ошентип, Мамлекет башчысынын тапшырмасы менен быйыл Qazaq AI Research University ишке кирди. Ошол эле учурда чет элдик жогорку окуу жайлардын филиалдарынын тармагы да кеңейүүдө. Азыркы учурда дүйнөлүк жогорку окуу жайлардын 7 кампусун ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, ал эми 33у ишке кирген. Бүгүнкү күндө аларда 9 миңден ашык студент билим алууда, алар эл аралык билим берүү программалары боюнча жаңы кесиптерди өздөштүрүү жана кош диплом алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Жанна Есинбаева, Казакстан Республикасынын Илим жана жогорку билим берүү министрлигинин Жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки билим берүү комитетинин төрагасынын орун басары:

– QS эл аралык рейтингинде сапатын тастыктаган 20га жакын казакстандык ЖОЖдор бар. Мындан тышкары, быйыл Times Higher Education глобалдык дүйнөлүк рейтингинин жыйынтыгы боюнча да биздин ЖОЖдор көрсөтүлүп, эң мыкты жыйынтыктарды көрсөттү. Биз 40ка жакын стратегиялык өнөктөштүктү түздүк. Учурда Казакстан Республикасынын аймагында 33 чет элдик филиал иштейт, алар эл аралык стандарттарга ылайык кадрларды даярдоону камсыз кылышты. Биз азыр бул өнөктөштүктөрдүн жардамы аркылуу толугу менен жаңы академиялык чөйрөнү куруп жатабыз, ошондой эле, албетте, илим күч алууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков