800 спортчу «Келечек оюндары – 2026» сынагына катышууда

800 спортчу «Келечек оюндары – 2026» сынагына катышууда

Астанада «Келечек оюндары» мультиспорттук турнири уланууда. Быйыл мелдеш үчүнчү жолу өтүп жатат жана мелдештер үчүн борбор калаанын 4 спорттук аренасы даярдалган. Экинчи күн катары менен көрүүчүлөрдүн көңүлү фиджитал баскетболго бурулууда. Мында 16 команда күч сынашууда, алардын экөө казакстандыктар. Катышуучулардын айтымында, оюнда шамдагайлык, топту так ыргытуу сыяктуу физикалык көндүмдөр менен бирге, виртуаддык аянтчада оюн стратегиясын заматта өзгөртө билген санариптик көндүмдөр да чоң мааниге ээ. 


Есет Жаркылов, «Келечек оюндары – 2026» турниринин катышуучусу:


–   Санариптик бөлүгүндө биз абдан шашып кетип, шашылыш чечимдерди кабыл алдык окшойт. Санарипдик бөлүгү боюнча болжол менен бир жумадай машыктык, бирок жекече ар ким өз шаарында машыгып жатты. Бул турнир абдан кызыктуу, көрүүчүлөрдү өзүнө тарткан жана шаңдуу өтүп жатат.


Турнирге ар кайсы континенттерден жана Казакстандын шаарларынан 800дөн ашык катышуучу келди. Ошондой эле ыктыярчылардын саны да спортчулар менен тең. Алардын ар бири атайын даярдыктан өткөн. Келип түшкөн дээрлик бир жарым миң өтүнмөнүн ичинен жарымынан бир аз көбүрөөгү гана тандалып алынды.


Гүлмира Мирманова, ыктыярчы:


-  Ыктыярчы болуу — мен үчүн окуялардын борборунда болууга, спортчулар менен иштешүүгө жана оюндарды ичинен көрүүгө кошумча мүмкүнчүлүк. Демек, бул оюндарды жана алардын демин сезүү үчүн эң мыкты тажрыйба.

Которгон: Назира Бегалиева