Жыл башынан бери 7 миллиондон ашык казакстандык «Таза Казакстан» президенттик демилгесинин алкагындагы иш-чараларга катышты. Бул былтыркы жылдын жалпы көрсөткүчүнөн бир миллионго көп. Экология жана жаратылыш ресурстары министрлиги белгилегендей, программа ишке киргенден бери өлкө боюнча калктуу конуштарда 7 миллиондон ашык дарак отургузулуп, мамлекеттик токой фондусунун аймактарына миллиарддан ашык көчөт тигилген. Жашылдандыруу маселелерин ыкчам чечүү үчүн TazaQazBot Telegram-боту иштеп жатат. Анын жардамы менен 57 миңден ашык кайрылуу каралган. Мекеме белгилегендей, демилгенин негизги максаты - айлана-чөйрөгө аяр мамилени калыптандыруу жана экологиялык жоопкерчиликти казакстандыктардын күнүмдүк жашоосунун бир бөлүгүнө айлантуу, ошондуктан жаштарды экологиялык тарбиялоого өзгөчө көңүл бурулат.
Мансур Ошурбаев, Экология жана жаратылыш ресурстары вице-министри:
– 1 миңден ашык маданий иш-чара өткөрүлдү, ошондой эле мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, тагыраак айтканда, 265 уюмга «Жашыл бала бакча» программасы киргизилди, бул биздин өсүп келе жаткан муунубуздун экологиялык жактан таза болушуна, ошондой эле экологиялык аң-сезимге ээ болушуна шарт түздү. Жалпы билим берүүчү орто мектептерде 560 миңден ашык класстык саат өткөрүлдү.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

