Жаш изилдөөчүлөр жасалма интеллект боюнча 10 иштемени сунушташты

Жаш изилдөөчүлөр жасалма интеллект боюнча 10 иштемени сунушташты

Интеллектуалдык системалар жана жасалма интеллект институтунун жайкы изилдөө программасынын катышуучулары ар кандай тармактар үчүн 10 AI-чечимдин прототибин иштеп чыгышты. Мектеп окуучулары, студенттер жана алардын насаатчылары - изилдөөчүлөр-инженерлер долбоорлордун үстүндө бир жарым ай иштешти. Илимий такшалма учурунда алар командаларга бөлүнүшкөн. Ар бири өзүлөрүнүн долбоорлорун сунушташты. Алардын бири казак тилинин санариптик экосистемасын өнүктүрүүгө арналган. Тактап айтканда, санариптик кызматтарда жана жасалма интеллект технологиясында колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет.

Адия Есен, ISSAI жайкы изилдөө программасынын катышуучусу:

- Биз 100 сааттан ашык аудиосу бар маалымат топтомун түздүк.  YouTubeдан аудио алдык, өзүбүз чыпкаладык, өзүбүз гендердик атрибуттарды бердик жана азыр бизде иштеген демо версия бар. Анда сиз белгилүү бир текстти жазып казак тилинде сүйлөгөндү түзө аласыз.

Жыл сайын Акылдуу системалар жана жасалма интеллект институту Казакстандын жана чет өлкөлөрдүн, анын ичинде Орусия, Армения жана Кыргызстандын мектеп окуучулары жана студенттери үчүн жайкы изилдөө программасын өткөрөт. Бул программа иштеп баштагандан бери болжол менен 80 катышуучу илимий такшалмадан өткөн. Алардын изилдөө иштеринин натыйжасында ар кандай тармактар үчүн дээрлик 30 жасалма интеллект чечимдеринин прототиптери жаралган. Казакстандык жаш муун даяр жасалма интеллект чечимдерин колдонуу менен гана чектелбестен, изилдеп, анын өнүгүүсүнө өз салым кошууга даяр.

Амина Байкенова, ISSAI өнүмдөр жана тышкы байланыштар боюнча мүдүрүнүн орун басары:

– Биз күздө ушундай эле программаны өткөрүүнү, аны дайыма өткөрүп туруу үчүн кышында да улантууну каалайбыз. Анткени биз ISSAIда жасап жаткан негизги максатыбыз, адамдык капиталды өнүктүрүү боюнча иштейбиз, ошондо жасалма интеллект сырттан алынбай, бул жерде эле түзүлсүн дейбиз.

Которгон: Назира Бегалиева