«Самрук-Казына» фонду башкармалыгынын төрагасы президент
Касым-Жомарт Токаевге өндүрүштүк-финансылык көрсөткүчтөргө жетишүү жана ири
инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча отчет берди. Нурлан Жакупов
ошондой эле фонддун инвестициялык портфелине кирген долбоорлор тууралуу кабардар
кылды. Алдыдагы үч жылда фонд алардын 38ин, жалпы суммасы 21 триллион теңгени
ишке ашырууну пландаштырууда. Бул долбоорлор энергетика, мунай-газ, транспорт
жана санариптик инфраструктураны камтыйт. Быйылкы жылы эле үч триллион теңгеден
ашык суммадагы долбоорлор бүткөрүлөт.
Нурлан Жакупов, «Самрук-Казына» ак мүдүрлөр кеңешинин
төрагасы:
– Алардын арасында Мойынты-Кызылжар менен Дарбаза-Мактааралдын
ортосунда жаңы темир жол линияларын куруу, Алтынкөл-Жетиген темир жолдорун жана
Бейнеу-Маңгыстау темир жолдорун жаңылоо бар. Ошондой эле Кашаган кенинде газды
кайра иштетүүчү заводду бүткөрүү, Алматы Жылуулук электр борбору-2ни
модернизациялоо, Түркестан облусунда комбинациялуу электр станциясын жана
гибриддик электр станциясын куруу да планда. Андан сырткары, Астанада
дата-борбордун курулушу менен Каспий деңизинин түбүн бойлой оптикалык була
линиясын орнотуу иштери аяктоо алдында турат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

