Президент Касым-Жомарт Токаевдын элге жолдогон кайрылуусунда белгиленген стратегиялык артыкчылыктарды мыйзам менен камсыздоо маселесин Вице-президент Курултайдын партиялык фракцияларынын жетекчилери менен талкуулады. Ерлан Карин Мамлекет башчысы өз сөзүндө системалык өзгөрүүлөргө басым жасаганын белгиледи. «Элдик курулуш» милдеттери «элдик санариптик экономиканы» өнүктүрүү менен тыгыз байланыштуу. Вице-президент бардык жарандык инфраструктураны жаңыртуунун негизги маселелерине мамлекет күч-аракетин топтоп, топтолгон системалык көйгөйлөрдү жоюуга багытталганын баса белгиледи. Жолугушуунун жыйынтыгында мындан аркы иштердин негизги багыттары аныкталды. Партиялык фракциялардын жетекчилери Президенттин демилгелерин колдоп, биргелешип иштөөгө даяр экендиктерин билдиришти.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

