Казакстанда
негизги Улуттук бирдиктүү тестирлөө жыйынтыкталды. Бул жылы сынакка 233 миңден
ашык мектеп бүтүрүүчүсү катышты. Алардын басымдуу бөлүгү тестирлөөнү мамлекеттик
тилде тапшырса, 400гө жакын
окуучу англис тилин тандаган. Келечектеги студенттердин арасында инженердик
адистиктерге болгон кызыгуу жогору бойдон калууда, андыктан суроо-талапка ээ багыт катары «Математика
– Физика» профилдик предметтер айкалышы сакталууда. Өлкө боюнча орточо
көрсөткүч 69 баллды түздү, ал эми эң жогорку 140 баллды эки абитуриент топтой
алды. Алдыда билим берүү гранттарынын конкурсу күтүлүүдө: документтерди кабыл
алуу теке айынын 20да
аяктайт, ал эми ээлеринин тизмеси баш
оона айынын 10на
чейин жарыяланат.
Наужан Дидарбекова, Улуттук
тестирлөо борборунун мүдүрүнүн орун басары:
– Ар бир Улуттук бирдиктүү тестирлөөдөн кийин абитуриенттин жеке кабинетине темалар боюнча талдоо жайгаштырылат. Ал кийинки тестирлөөгө даярданууга жардам берет. Бул талдоо абитуриенттерге кайсы темалар боюнча кемчиликтери бар экенин аныктоого мүмкүнчүлүк түзөт. Ошондой эле ата-энелерге, мугалимдерге жана абитуриенттин өзүнө мурунку тестирлөөлөрдүн жыйынтыгын жакшыртууга көмөк көрсөтөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

