Түркмөнстанда эл аралык цирк фестивалынын жеңүүчүлөрүнө сый көрсөтүлдү

Түркмөнстанда эл аралык цирк фестивалынын жеңүүчүлөрүнө сый көрсөтүлдү

Түркмөнстанда дүйнөдөгү эң беделдүү цирк өнөрү сынактарынын бири Монте - Карлодогу 47 эл аралык цирк фестивалынын жеңүүчүлөрүн салтанаттуу түрдө тосуп алышты. Монакодо ат кулагында ойногон «Галкыныш» – «Жаңыруу» тобу калыстарды жана көрүүчүлөрдү өзүнүн трюктары жана чеберчилиги менен таң калтырды. Натыйжада түркмөн артисттери өз сыйлыктарын Гран-При гана эмес, жаш калыстар тобунун, италиялык жана индиялык цирктердин сыйлыктары жана фестивалдын сертификаттары менен майлашты. Иш-чаранын катышуучуларын түркмөн элинин улуттук лидери, ошондой эле өлкөнүн Президенти куттуктады. Алар республикада салттуу ат спорту жигердүү өнүгүп келе жатканын белгиледи.

Сердар Пыгыев, Түркмөнстандын эмгек сиңирген жылкычысы:

- Бул тарыхый учурдун бир бөлүгү болуу мен үчүн сыймык. Биз түркмөн искусствосунун өнүгүшүнө өз салымыбызды кошуп, бүткүл дүйнөгө өз уникалдуулугубузду көрсөтө алганыбызга сыймыктанабыз. Дүйнөлүк аренадагы ар бир ийгилик - бул биздин жеке жеңишибиз гана эмес, бүтүндөй өлкөнүн жеңиши. "Галкыныш" кылымдарды карыткан салт менен байланышты символдоштурат. Биздин топ байыркы ырым-жырымды заманбап жетишкендиктер менен айкалыштыруу аркылуу  цирк искусствосун сактап, өнүктүрөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков