Казакстан акыркы жети жылда 155 миллиард доллардан ашык чет элдик түз инвестиция тартты. Каражаттын негизги бөлүгү өнөр жайга, инфраструктурага жана экономиканын чийки эмес секторуна багытталган. 2019-жылдан бери өлкөдө 625 жаңы өндүрүш ишке киргизилген. Унаа жасоо, айыл чарба азык-түлүк комплекси, курулуш жана транспорт өнүгүүнүн негизги багыттарынан болуп баратат. Мындай аналитикалык маалыматтарды британиялык The World Financial Review бизнес басылмасы Казакстандын экономикасы тууралуу макаласында жарыялады. Басылманын авторлору бул өзгөрүүлөрдү Президент Касым-Жомарт Токаевдин экономиканы диверсификациялоо жана чийки эмес секторго болгон көз карандылыкты акырындык менен азайтуу саясаты менен байланыштырышат. Ошондой эле, басылманын аналитиктери өлкөнүн санариптештирүү жаатындагы жетишкендиктерине да токтолушкан. Бүгүнкү күндө Казакстанда мамлекеттик кызматтардын 90% ашыгы онлайн жеткиликтүү. Дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун маалыматы боюнча, өлкө электрондук мамлекеттик кызматтарды өнүктүрүү боюнча дүйнөнүн алдыңкы он мамлекетинин катарына кирет. Макаланын авторлору белгилегендей, бул жетишкендиктер республиканын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатып, долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

