Алты өлкөнүн окумуштуулары талаа цивилизациясынын тарыхын изилдөө үчүн эл аралык консорциум түзүшөт. Макулдашууга Алматыда түрк дүйнөсүнүн улуттук илимдер академиясынын союзунун Башкы ассамблеясынын тогузунчу жыйынында кол коюлду. Долбоорго Казакстан, Азербайжан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркия жана Монголия катышууда. Изилдөөчүлөр Жошы Улусунун, Алтын Ордонун жана Улуу Жибек жолунун тарыхына токтолушат. Алар археологиялык экспедицияларды өткөрүп, байыркы кол жазмаларды изилдеп, илимий басылмаларды даярдашат. Тарыхый документтер санариптештирилип, бирдиктүү электрондук базага киргизилет. Программа беш жылга эсептелген.
Ахылбек Куришбаев, Казакстан Республикасынын Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын президенти:
– Кийинки багыт, төртүнчү багыт — бул жаш окумуштууларды илимий изилдөөлөргө тартуу. Жогорку окуу жайларынын материалдарын, окуу куралдарын, студенттер колдонгон окуу ыкмаларын жаңылоо керек. Мунун баары трансформацияланат, ар бир илимий долбоор, илимий иштеп чыгуулардын натыйжалары кийинчерээк жаңы билим берүү программаларына айланат.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

