ТүркПА жана ШКУ миссияларынын байкоочулары Курултай шайлоосунун жүрүшү менен таанышты

ТүркПА жана ШКУ миссияларынын байкоочулары Курултай шайлоосунун жүрүшү менен таанышты

Казакстандагы шайлоо процессинин ачык-айкындуулугун Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын байкоочулары Курултайдын депутаттарын шайлоодо белгилешти. Алар казакстандыктардын добуш берүүгө болгон жогорку кызыгуусун жана жарандардын өлкөнүн коомдук-саясий турмушуна жигердүү катышуусун да баса белгилешти. Эл аралык байкоочуларды жана чет элдик ЖМКларды колдоо борборунда өткөн брифингде ТүркПА миссиясынын өкүлдөрү шайлоонун жогорку деңгээлде уюштурулгандыгын жана өткөрүлгөндүгүн - Конституцияга, конституциялык мыйзамга жана эл аралык стандарттарга ылайык экендигин айтышты.

Осман Местен, ТүркПА Миссиянын башчысы, Укук маселелери жана эл аралык мамилелер боюнча комиссиянын төрагасы:

– Бүгүн эртең мененки саат 7:00дөн тарта биздин делегациянын айрым өкүлдөрү шайлоо тилкелеринин  ачылышын байкап турушту. Биз бардык процесстер эл аралык стандарттарга ылайык өткөрүлүп жатканын, ошол эле учурда участкаларда тиешелүү кызмат адамдары, шайлоо тилкелеринин  төрагалары жана байкоочулар бар экенин көрдүк.

Шанхай кызматташтык уюмунун байкоочулар миссиясынын өкүлдөрү Астананын ар бир райондорундагы бир нече шайлоо тилкелерине барып, добуш берүүнүн жүрүшү, шайлоочулар үчүн түзүлгөн шарттар, ошондой эле участкалык шайлоо комиссияларынын иши менен таанышканын айтышты.  Миссиянын өкүлдөрү, айрыкча, байкоочулар үчүн түзүлгөн шарттарды баса белгилеп, жыйынтыктоочу баалоо шайлоо жана мыйзамдарда каралган бардык жол-жоболор аяктагандан кийин айтыларын билдиришти.

Т.Р. Мидхун,  ШКУнун  Башкы катчысынын орун басары:

– Миссиянын мүчөлөрү байкоо жүргүзүү маршруттарын өз алдынча аныктап, шайлоо участкаларына эркин бара алышат. Биздин ишибиз үчүн зарыл шарттар түзүлдү.

Которгон: Назира Бегалиева