Түркмөнстан айыл чарба өнүмдөрүн экспорттоону кеңейтүүдө.
Өлкө биринчи жолу КМШ өлкөлөрүнүн рынокторуна алчаны ири көлөмдө жеткирүүнү
жолго салып, Борбор Азиядагы жемиштерди өндүрүүчүлөрдүн беш ири өлкөсүнүн
катарына кирди. Айта кетчү нерсе, бул мөмө өлкөнүн 8 миң 800 гектардан ашык аянты
бар эң ири багбанчылык комплексинде өстүрүлөт. Мында өндүрүштүн бардык этаптары
автоматташтырылган – тамчылатып сугаруудан бак-дарактардын абалын көзөмөлдөөгө
чейин. Адистердин айтымында, алча эң көп
талап кылган мөмө-жемиштердин
бири болуп эсептелгендиктен, чөлдүү климат шартында аны өстүрүү үчүн заманбап
технологиялар жана илимий иштеп чыгуулар колдонулат. Түшүм жыйналгандан кийин
дароо заманбап муздаткыч комплекстерге жөнөтүлөт, ал жерде мөмө-жемиштер
жаңылыгын сактоо үчүн заматта муздатылат. Ал эми жоготууларды азайтуу үчүн
ишканада космос тармагы үчүн иштелип чыккан технологияларды колдонуу менен
сублимацияланган жемиштерди өндүрүү ишке киргизилген.
Аман Мурадов, муздаткыч кампасы боюнча
башкы адис:
– Муздаткыч кампасында жемиштер
ыкчам муздатылып, сорттолуп, заманбап импорттук жабдууларга таңгакталат. Күн
сайын бул жерде 20 тоннага чейин алма, алча жана алмурут иштетилет. Андан кийин
өнүмдөр узак мөөнөткө сактоочу камераларга жөнөтүлөт, ал жерден ички рынокко
жана экспортко жөнөтүлөт.
Ыхлас Худайназаров, багбанчылык комплексинин мүдүрү:
– Башында бак отургузууну пландаштыра баштаганда Түркмөнстандын табигый шарттарына таяндык. Жайкы жана кышкы абанын температурасын, топурактын абалын, ошондой эле Каракум дарыясынан жеткирилген сууну эске алдык. Ушул факторлордун негизинде жаш багыбыз азыркы учурда жакшы темп менен өсүп жатат. Ал эми алчаны 2022-жылы отургузганбыз. Аны биринчи жолу Түркмөнстандын тарыхында экспорттоого жетиштик.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

