Түркмөнстан чет өлкөлүктөр үчүн электрондук визаларды жана онлайн каттоону ишке киргизди

Түркмөнстан чет өлкөлүктөр үчүн электрондук визаларды жана онлайн каттоону ишке киргизди

Түркмөнстан визаларды тариздөө жана миграциялык каттоо үчүн онлайн форматка өткөрдү. Арызды эми чет элдик жарандар атайын санариптик сервис - migration.gov.tm аркылуу бере алышат, ал эми онлайн каттоого өзүнчө сайт иштейт. Платформалар документтерди аралыктан жана каалаган түзмөктөн берүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул чет элдик жарандар үчүн өлкөгө кирүү жана жашоо жол-жоболорун жеңилдетет. Жаңы чечимдер туристтер, ишкерлер жана дипломаттар үчүн жеткиликтүү. Миграциялык системаны санариптештирүү документтерди тариздөө убактысын кыскартып, кагаз жүгүртүүнү азайтат деп күтүлүүдө.

Мохд Сухаими Бин Ахмад Таджуддин, Малайзиянын Түркмөнстандагы элчиси:

– Электрондук визанын киргизилиши Түркмөнстанга барууну каалагандар үчүн сонун жаңылык. Бул туристтер үчүн да, эл аралык конференцияларга жана өкмөттүк жолугушууларга келгендер үчүн да саякаттоону бир топ жеңилдетет. Түркмөнстандын эл аралык иш-чараларды өткөрүү жана туризмди өнүктүрүү борбору катары мааниси жана ролу өсүп жатканын билебиз. Электрондук визалар дагы көптөгөн чет элдик конокторду тартууга жардам берет деп ишенебиз.

Бердимырат Чарыев, Түркмөнстан мамлекеттик миграциялык кызматынын аскер кызматкери, лейтенант:

–  Санариптик технологияларды киргизүү жарандардын жана өлкөбүздүн чет элдик конокторунун убактысын олуттуу үнөмдөөгө мүмкүндүк берет. Жаңы чечимдердин аркасында керектүү кызматтар жеткиликтүү болуп, документтерди толтуруу тез жана ыңгайлуу жүрөт. Ошондой эле бул тейлөө сапатын жогорулатып, мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнүн ыкчамдыгын камсыз кылат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков