Түркестандын тарыхы жөнүндө жаңы энциклопедия жарык көрдү

Түркестандын тарыхы жөнүндө жаңы энциклопедия жарык көрдү

Түркестандын байыркы доорлордон азыркы күнгө чейинки тарыхы жаңы эки томдук энциклопедияда чогултулду. Басылманын үстүндө үч жүздөн ашуун окумуштуу иштеп, 4 миңден ашуун аталыштарды жана түшүнүктөрдү карап чыгып, толукташты. «Түркестан» деген аталыштагы алгачкы бир томдук энциклопедия 1998-жылы чыккан. Өткөн жылдар аралыгында археологдор жаңы далилдерди табышты, ал эми изилдөөчүлөр тарыхый инсандар, байыркы шаарлар жана географиялык аталыштар тууралуу маалыматтарды такташты. Жаңы басылмага архивдик материалдар, карталар, сүрөттөр жана эстеликтердин сүрөттөрү да киргизилген. Адистердин айтымында, дээрлик отуз жылга жакын топтолгон материалдар мурунку версияны жөн гана толуктап койбостон, аны кайрадан даярдоону талап кылган.

Дархан Кыдырали, долбоор жетекчиси:

– Бардык маалыматтарды салыштырып, түрк дүйнөсүнүн көптөгөн окумуштууларын тарттык. Карталарды жана иллюстрацияларды толугу менен жаңырттык. Менимче, келечекте эки томдон турган, 800 барактан ашык жана төрт миңден ашуун макаладан турган бул энциклопедия англис, түрк, орус, өзбек жана башка тилдерге которулат. Бул басылманын теңдеши жок.

Которгон: Илгиз Жамалбеков