Маңгыстаунун уникалдуу таш мечиттери ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесин толукташы мүмкүн. Ыйык объекттерди эл аралык деңгээлде даңазалоо иштери Мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаевдин Атыраудагы Улуттук курултайдын жыйынында берген тапшырмасына ылайык башталган. Бул аралыкта адистер илимий негиздемеси бар номинациялык досье даярдап, баалоо миссиясын өткөрүштү жана эл аралык эксперттердин техникалык корутундусун алышты. Бул тууралуу Казакстандын Президенттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары Ерлан Карин социалдык тармактардагы баракчасында жарыялады. Анын айтымында, «Маңгыстаунун таш мечиттери жана ага байланыштуу ыйык жерлери» номинациясы учурда Түштүк Кореяда өтүп жаткан ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар комитетинин 48-сессиясында каралат. Ага 196 өлкөдөн болжол менен 3000 делегат катышууда. Комитет 10 күндүн ичинде 30 жаңы арызды карайт. Маңгыстау жерлери боюнча чечим өлкө үчүн маанилүү окуя болот, деп баса белгиледи Ерлан Карин.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

