Казакстанда баш оона айынын 23үндө боло турган Курултай депутаттарын шайлоого эл
аралык байкоочулардын саны өсүүдө. Борбордук шайлоо комиссиясы дагы 7 чет
мамлекеттин 405 өкүлүн, ошондой эле 9 эл аралык уюм жана миссияны каттады. Натыйжада, байкоочулардын жалпы саны 656
адамга жетти. Алардын арасында 120дан ашык чет элдик парламентчилер бар.
Борбордук шайлоо комиссиясынан белгилегедей, аккредитацияга арыз кабыл алуу ушул
айдын 17синде аяктайт. БШК өкүлдөрү Курултайга алгачкы шайлоо эл аралык
коомчулуктун кызыгуусун жаратып жатканын белгилешет.
Мухтар Ерман, Казакстан Республикасынын БШК төрагасынын орун басары:
– Баш оона айынын үчүндө парламенттин 74 депутатын аккредитациялоону
эске алганда, бүгүн биз Европа Кеңешинин парламенттик ассамблеясынан 29
депутатты каттоого алып жатабыз. Бул Европа континентинин
алдыңкы 15 өлкөсү. Бул түрк мамлекеттеринин парламенттик ассамблеясынын
өкүлдөрү, анын курамында 3 өлкөдөн 10
депутат кирет. Ошондой эле алар КМШнын парламенттер аралык ассамблеясынын
курамына кирген парламенттердин депутаттары.
Которгон: Назира Бегалиева

