Курултайга шайлоодо 777 эл аралык байкоочу иштейт

Курултайга шайлоодо 777 эл аралык байкоочу иштейт

777 чет элдик байкоочу Курултай шайлоосун байкап турат. Алар 42 мамлекеттен жана 13 эл аралык уюмдан келишкен. Аккредитациядан өткөн байкоочулардын арасында 138 чет элдик парламентарий да бар. Каттоого арыз кабыл алуу кечээ аяктады, ал эми бүгүн Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы жыйынтыктарды чыгарды. Ал жерде чет элдик байкоочулардын көптүгү эл аралык коомчулуктун алдыдагы шайлоого болгон жогорку кызыгуусун билдирери белгиленди. Мындан тышкары, 22 мамлекеттин борбордук шайлоо органдарынын өкүлдөрү да шайлоо процессин байкап турушат. Алардын арасында 11 чет элдик шайлоо комиссияларынын башчылары бар.


Которгон: Назира Бегалиева