Курултайга шайлоо — конституциялык реформаны ишке ашыруунун маанилүү этабы

Курултайга шайлоо — конституциялык реформаны ишке ашыруунун маанилүү этабы

Алдыдагы шайлоо чет элдик эксперттердин пикиринде, Казакстандын демократиялык өнүгүүсүндөгү маанилүү этап болот. Мында добуш берүүнүн мааниси Курултайдын курамын түзүү менен гана чектелбейт. Шайлоо жана бир палаталуу парламенттин кийинки ишмердүүлүгү өлкөдө жүргүзүлүп жаткан саясий өзгөрүүлөрдүн чагылдырылышы болот. Румыниялык саясат таануучу Разван Виктор Пантелимондун пикиринде, добуш берүүнүн жыйынтыктары жаңы институттарды калыптандыруу үчүн негиз болот. Анын айтымында, Курултайдын биринчи курамы өз ишин жолго коюп, парламенттик практиканын негиздерин түптөшү керек. Коомдун мамлекеттик институттарга болгон ишеними көп жагынан ушуга байланыштуу болот.

Разван Виктор Пантелимон, Овидиус университетинин тарых жана саясат таануу факультетинин окутуучусу:

– Шайлоого катышуу — Казакстан жарандарынын негизги конституциялык укуктарынын бири. Дал ушул добуш берүү казакстандыктарга Курултайдын биринчи курамын түзүүгө жана өлкөнүн саясий системасын мындан ары өнүктүрүүгө түздөн-түз таасир этүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле добуш берүүгө катышуу жарандык активдүүлүктү жана аң-сезимдүү саясий тандоону күчөтөт. Шайлоонун жыйынтыгы жаңы өкүлчүлүктүү органдын курамын аныктап, конституциялык реформаларды ишке ашырууда жана институттарды мындан ары бекемдөөдө маанилүү кадам болот.

Которгон: Назира Бегалиева