Президенттин жаңы Конституция кабыл алынгандан кийинки алгачкы кайрылуусу өлкө тарыхындагы жаңы сапаттык этапты ачып, алдыдагы ондогон жылдардагы өнүгүү багытын аныктайт. Мындай пикирин Курултайдын жыйынында депутат Айдос Сарым билдирди. Анын айтымында, дүйнөдөгү кырдаал татаалдашып, белгисиздик күчөп турганына карабастан, Казакстан акыркы жети жылда түп-тамырынан бери өзгөрүүлөрдү камтыган реформаларды чечкиндүү ишке ашырды. Депутат Касым-Жомарт Токаевдин стратегиялык көрөгөчтүгүнүн аркасында өлкө эл аралык аренада кадыр-барктуу орто державага жана глобалдык диалогдун таанылган борборуна айланганын белгиледи. Ошондой эле депутат мамлекет башчысы 2027-жылды «Жалпы элдик масштабдагы курулуш жылы» деп жарыялаганын эске салды. Айдос Сарым сөзүн жыйынтыктап жатып, кайрылууда өлкөнүн кубаттуу экономикалык дараметин инфраструктуралык түзүмдү түп тамырынан жаңылоого, социалдык тармакты сапаттуу өнүктүрүүгө, ошондой эле элдин жашоо деңгээлин жогорулатууга багыттоо сыяктуу милдеттер коюлганын белгиледи.
Айдос Сарым, Курултай Депутаты:
– Мамлекет башчысы айткандай: «Мындай жооптуу учурда улуттун мүнөзү ачык көрүнөт. Жалкоолукка жана кайдыгерликке жол берген өлкө тарыхта жеңүүчү улут боло албайт». Жеңүүчү жана жаратман улуттун күчү — ынтымакта, биримдикте. Ошондуктан тарыхый мааниге ээ ушул учурда ар бир жаранды, бүтүндөй коомду келечек жана мамлекеттин өнүгүүсү үчүн биригүүгө, жакшы иштерге биргелешип катышууга чакырабыз.
Айбек Дадебай, Курултай Төрагасы:
– Президенттин кайрылуусу мекендештерибиздин өзгөчө көңүлүн бурду. Өлкөнүн бардык аймактарында мамлекет башчысынын өнүгүүгө жаңы дем бере турган демилгелери кызуу талкууланууда. Айдос Амиролла уулу жарыялаган кайрылуу Курултайдагы бардык фракциялардын депутаттарынын жалпы позициясын билдирет. Баарыңыздарды Президенттин багытын колдоого жана өлкөбүздү жаңылоого багытталган кеңири масштабдуу иштерге бир адамдай катышууга чакырабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

