Бүгүн Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевге «Казатомпром» компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Мейиржан Юсупов урандын мамлекеттик стратегиялык резервин түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Мындан тышкары, учурда компания миң чарчы чакырымдан ашык аянтты камтыган 6 участкада геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүп жатат. Ошондой эле келечектүү Кызылту участогун изилдөө башталары күтүлүүдө. «Казатомпром» эл аралык рыноктогу позициясын бекемдеп, уран сатуу багыттарын диверсификациялоону улантууда. Алсак, быйыл Индиянын жана Кытайдын энергетикалык компаниялары менен жаратылыш уранын жеткирүү боюнча жаңы келишимдер түзүлдү. Мейиржан Юсупов президентке «Казатомпромдун» илимий-технологиялык дараметин өнүктүрүү боюнча баяндама жасады. Компания уран өндүрүү натыйжалуулугун жогорулатуу, сейрек кездешүүчү жана жер металлдарын бөлүп алуу технологияларын өркүндөтүү боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүп жатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

