Казакстандын саясий системасында жаңы кызмат пайда болду. Президент Касым-Жомарт Токаев Курултай жыйынына катышып, Конституциянын 46-беренесине ылайык Казакстандын Вице-президентинин талапкерлигин жаңы бир палаталуу Парламенттин депутаттары менен макулдашты. Мамлекет башчысы бул кызматка Ерлан Тынымбай уулу Кариндин талапкерлигин сунуштады.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Ал мамлекеттик башкаруу системасында көп жыл иштеген, көз карашы кең, тажрыйбасы мол, мекенчил инсан десек болот. Кеңири реформаларды сапаттуу ишке ашырууга жигердүү катышкан. Мамлекеттин стратегиялык багытын, өнүгүү планын жакшы түшүнөт.
Мындан тышкары, Касым-Жомарт Токаев Курултайдагы партия фракцияларынын жетекчилеринин пикирин эске алуу менен, Олжас Абай уулу Бектеновдун талапкерлигин премьер-министрлик кызматка сунуштады.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Ал - мамлекетчил, тажрыйбалуу, билимдүү жаран. Жоопкерчилигин жакшы түшүнөт. Буга чейин Өкмөт башчысы катары натыйжалуу иштеген. Азыр өлкөбүздүн алдында чоң милдеттер турганын жакшы билесиздер. Бул маселе боюнча Курултайдын биринчи жыйынында толук айттым. Казакстан чоң курулуш аянтына айланууда. Ар кандай инфраструктуралык долбоорлорду колго алдык. Алдыда дагы көп иш аткарылышы керек.
Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча, вице-президенттик кызматка Ерлан Кариндин, премьер-министрлик кызматка Олжас Бектеновдун талапкерлиги депутаттардын көпчүлүк добушу менен колдоого алынды. Мамлекет башчысы сунушталган талапкерлерди колдогондугу үчүн Курултайдын депутаттарына ыраазычылыгын билдирди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков
