Мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу менен Шанхайга жумушчу сапар менен келди. Бүгүн Казакстандын президентинин КЭР төрагасы менен сүйлөшүүлөрдү жана Кытайдын алдыңкы компанияларынын жетекчилери менен тегерек үстөл өткөрүү пландалган. Ал эми теке айынын 17де Касым-Жомарт Токаев жасалма интеллект жаатындагы өнөктөштүк темасына арналган Дүйнөлүк жасалма интеллект конференциясына катышат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

